Выставка фотокопий работ Прокудина-Горского «Из России в Азию» основана на книге-альбоме Владимира Михайлова-Лидского о деятельности фотографа на обширнейшей территории Российской империи «
Из Европы в Азию».
Прокудин-Горский энтузиаст и путешественник конца ХIХ начала ХХ веков. С подачи Николая II у него был свой поезд и даже пароход, специальные автомобили повышенной проходимости, которые могли ездить по горам. И порядка 15 лет он провел в путешествиях. Сделал более четырех тысяч цветных стеклянных негативов. Путешествовал и по Центральной Азии, бывал на территории Кыргызстана. Сохранившийся архив мастера огромен и насчитывает несколько тысяч фотографий. Только на сайте Библиотеки Конгресса США представлено 2600 снимков. Автор текста книги Владимир Леонидович Михайлов-Лидский отобрал для нашей выставки 25 наиболее интересных кадров, в том числе из запечатлевших Кыргызстан 1907 года (их всего 6), и любезно согласился рассказать о деятельности Прокудина-Горского на открытии нашей выставки.
16+
Участие бесплатное. Количество мест ограничено, вход только по регистрации (форма ниже).
Событие проходит в рамках Фестиваля «Кыргызстан-Россия: общее культурное наследие» 8-16 сентября 2023 года. Смотреть полную программу фестиваля.
Прокудин-Горскийдин «Россиядан Азияга» фото көчүрмөлөр эмгегинин фото көргөзмөсү фотографтын Россия империясынын кеңири аймактарында жүргүзгөн ишмердүүлүгү жөнүндө жазуучу Владимир Михайлов-Лидский жазган «…Европадан Азияга» аттуу китеп-альбомуна негизделген. Прокудин-Горский ХIХ кылымдын аягы ХХ кылымдын башында жашаган энтузиаст жана саякатчы. Анын карамагында Николай Экинчинин тапшыруусу боюнча бөлүнүп берилген өзүнүн поезди жана атүгүл пароходу, тоолордо жүрө алган атайын жол тандабас автоунаалары болгон. Фотограф 15 жылдан ашык саякатта жүргөн. Ал төрт миңден ашык түстүү айнек негатив тарткан. Прокудин-Горский Борбордук Азия боюнча да саякаттаган, Кыргызстандын аймагында болгон. Чебер сүрөтчүнүн сакталып калган зор архиви бар жана бир нече миң фото сүрөттү камтыйт. Айта кетсек, АКШ Конгрессинин китепканасынын сайтына эле 2600 сүрөт киргизилген. Китептин текстинин автору Владимир Леонидович Михайлов-Лидский биздин көргөзмө үчүн эң кызыктуу делген 25 кадрды тандап алган, анын ичинде 1907-жылы Кыргызстанда тартылган (алар болгону 6 даана) сүрөттөр бар жана өзү дагы биздин көргөзмөдө Прокудин-Горскийдин ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берүүгө макул болду.
16+
Катышуу акысыз. Орундардын саны чектелүү, кирүү үчүн катталуу керек (форма төмөндө).
Бул иш-чара 8-16-сентябрь күндөрү өтө турган «Кыргызстан-Россия: жалпы маданий мурас» фестивалынын алкагында болот. Фестивалдын толук программасын көрүү.
Напоминаем, что для того чтобы восстановить билет организатору можно не писать.
Если вы хотите вернуть билеты, вы можете сделать это по ссылке из письма с билетами или оформить запрос организатору в вашем  личном кабинете.